Жеке маалыматтарды коргоо боюнча уюштуруу жана техникалык чаралар

Жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) жана иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды ага мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн, ошондой эле жеке маалыматтар боюнча башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө жана (же) алардын кабыл алынышын камсыз кылууга милдеттүү.

  1. Жеке маалыматтарды коргоо үчүн зарыл укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүү

    • Жеке маалыматтар массивинин топтоочусу (ээси) жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу маалыматтарга мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, башка бирөөлөргө берүүдөн, жайылтуудан жана жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоого, жеке маалыматтарды жайылтуу үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө жана (же) алардын кабыл алынышын камсыз кылууга милдеттүү.

  2. Жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө

    • Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган жабдуулардын башка адамдарга   жеткиликтүү   болбой тургандыгын камсыз кылуу (жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган шаймандарга уруксатсыз кирүүгө тыюу салуу).

  3. Жеке маалыматтарды уруксатсыз жаздырууга жана жазылган жеке маалыматтарды өзгөртүүгө же жок кылууга жол бербөө

    •   Жеке маалыматтарды уруксатсыз окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө же маалыматтарды алып чыгууга жол бербөө (маалымат менен иштөөчүлөрдү көзөмөлдөө).
    • Жеке маалыматтарды өз алдынча жазууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же жазылган маалыматтарды жок кылууга жол бербөө (жазууну контролдоо) жана жеке маалыматтарды качан, ким тарабынан жана кандайча өзгөртүлгөндүгүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

  4. Маалыматтарды берүү каражаттарын көзөмөлдөө

    • Маалыматтарды өткөрүү каражаттарына карабастан, жеке маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу системасынын коопсуздугун камсыз кылуу.

  5. Маалыматтар менен иштөөнү көзөмөлдөө

    • Маалыматтарды иштеп чыгуу системасынын ар бир колдонуучусу, ал иштөөгө уруксат берилген жеке маалыматтар менен гана иштөөсүн көзөмөлдөө.

  6. Маалымат киргизүүнү көзөмөлдөө

    • Маалыматтарды иштеп чыгуу системасына качан, ким тарабынан жана кандай жеке маалыматтар киргизилгендигин аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

  7. Транспорттук көзөмөлдөө

    • Жеке маалыматтарды башка жакка өткөрүп берүүдө жана ташуу учурунда жеке маалыматтарды уруксатсыз окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө жана жок кылууга жол бербөө.

  8. Маалыматтын купуялуулугун жана жеке маалыматтарды коргоо талаптарынын сакталышын камсыз кылуу

    • Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу учурунда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу. Жеке маалыматтарды маалымат системаларында иштеп чыгууда жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга тиешелүү аткарылышы жана жеке маалыматтардын коопсуздугунун белгиленген деңгээлин камсыз кылуу. Жеке маалыматтарды машинада сактоо эсебин жүргүзүү. Уруксатсыз кирүү себебинен өзгөртүлгөн же жок кылынган жеке маалыматтарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.
    • Жеке маалыматтарды глобалдык маалымат тармагы (Интернет ж.б.) аркылуу өткөрүүдө жеке маалыматтардын массивинин топтоочусу (ээси) маалыматтын купуялуулугун сактоо менен, зарыл болгон коргоо каражаттарын өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.