Колдонмо Жеке маалыматтарды (ЖМ) коргоо

Бул колдонмо Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы көндүмдөрүн жана ушул жеке маалыматтарды пайдаланган (мамлекеттик жана коммерциялык) уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Көп берилүүчү суроолор

Жеке маалыматтарды каалаган максатта колдонууга жана иштетүүгө болобу?

faq

Макулдук берүү төмөнкү учурларда көп кездешет:

  • баланы бакчага же мектепке киргизүүдө арыз/документ берүү учурунда;
  • жумушка орношууда;
  • банк, камсыздандыруу компаниясы жана башкалар ушу сыяктуу мекемелер менен келишимдерди түзүү учурунда;
  • мамлекеттик кызматтар порталына электрондук кызматтарды алуу учурунда.

Башкача айтканда, жаран же анын өкүлү болгон адам жеке документтерин көрсөтүү менен, тиешелүү суроолорду камтыган анкеталарды толтурганда макулдугун билдирүү менен кол коёт.

Мекемеден / уюмдан сизге тиешеси бар жеке маалыматтарды сактайбы же жокпу, тастыктап сурап алууга укуктуусуз.

Эгерде компанияда сизге тиешелүү жеке маалыматтар болсо, анда сиз бул маалыматтар жөнүндө билүүгө укуктуусуз. Сизге тиешелүү маалыматтаргжеткиликтүү түрдө башка адамдарга байланыштуу жеке маалыматтарды камтыбаган, так жана ачык билдирилген формада берилүүгө тийиш.

Сиздин жеке маалыматтарыңызды камтыган документтер менен, ошондой эле жеке маалыматтарыңызды иштетүүнүн себептери жана колдонулган маалыматтардын категориялары ж.б.у.с.  маалыматтар менен таанышууга жана аларды билүүгө укугуңуз бар.

Компания/уюм сиздин жеке маалыматтарыңыздын көчүрмөсүн бекер берүүгө тийиш. Эгерде бул маалыматтар материалдык маалымат каражаттарында (кагаз, дискета ж.б.) берилсе, алардын наркынан ашпаган өлчөмдө акы алынат.Сурануу электрондук түрдө берилгенде (мисалы, электрондук почта аркылуу), эгерде сиз башка талап койбосоңуз, анда маалымат кеңири колдонулуучу электрондук түрдө берилиши керек.

Бул укук абсолюттуу эмес: мындай түрдө жеке маалыматтарыңызга жетүү укугун пайдалануу башка жарандардын укуктарына, ошондой эле коммерциялык сырларга же интеллектуалдык менчиктерге өз залалын тийгизбөөгө тийиш.

Сиздин укуктарыңыз:

  • жеке маалыматтарыңызды өзүңүз же ишенимдүү адам аркылуу иштетүүгө өткөрүп берүүгө;
  • компанияда/уюмда сиз жөнүндө сакталган жеке маалыматтарды алууга;
  • сиздин туура эмес, так эмес же толук эмес жеке маалыматтарыңызды оңдоону суранууга;
  • сизге мамлекеттик кызмат көрсөтүлүшү үчүн өзгөртүлгөн жеке маалыматтарыңызды тиешелүү мамлекеттик органдарга берүүгө;
  • жеке маалыматтарды топтоочулар тарабынан сизге тиешелүү жеке маалыматтарды башка максаттарда колдонуу жөнүндө билүүгө;
  • сизге тиешелүү жеке маалыматтар башка керексиз болгон учурда же ал маалыматтарды мыйзамсыз иштетүү учурунда өчүрүлүшүн талап кылууга;
  • жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө берген макулдугуңуздан баш тартууга жана анын себептерин көрсөтпөөгө;
  • жеке маалыматтарыңызды маркетинг максатында же башка конкреттүү кырдаалга байланыштуу себептер менен (мисалы, сизге жарнама жөнөтүү үчүн) иштетүүгө каршы болууга ж.б.у.с.

Кененирээк маалыматты “Жеке маалымат ээлери үчүн” бөлүмүнөн окуй аласыз.

Сиз өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды берүү менен төмөнкүдөй маалыматтарды талап кыла аласыз:

  • маалыматыңызды иштеп чыгуучу компаниянын же уюмдун аталышы (анын ичинде уюмдун байланыш маалыматтары);
  • компания же уюм сизге тиешелүү чогултулган жеке маалыматтарды кандай максаттарда колдонот;
  • жеке маалыматтарыңызды иштеп чыгуунун укуктук негиздери
    (мисалы, сиз менен келишим түзүү үчүн же мамлекеттик иш-милдеттерин аткарууда – салык чогултуу, аскердик каттоону ж.б.);
  • сизге тиешелүү маалыматтардын сактала турган убактысынын узактыгы;
  • сизге тиешелүү маалыматтарды алуучу башка компаниялар/уюмдар;
  • сизге тиешелүү маалыматтар өлкөдөн тышкары башка жакка жөнөтүлөбү;
  • маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү сиздин негизги укуктарыңыз (мисалы, маалыматтарды берүү, башка жакка жиберүү же жок кылуу укуктарыңыз);
  • жеке маалыматтарды коргоо органдарына арызданууга;
  • каалаган убакта сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө берген макулдугуңуздан баш тартууга;
  • сиздин маалыматтарыңыз маалымат системасында иштелүү менен сакталабы (автоматтык түрдө).

Маалымат кыска, ачык, түшүнүктүү формада берилип, так жана түшүнүктүү тилде түзүлүшү керек.

Кененирээк маалыматты “ЖМ иштетүүгө макулдук берүү тартиби” бөлүмүнөн окуй аласыз.

Компаниядан / уюмдан сиздин жеке маалыматтарыңыз туура эмес же аларды чогултуу мыйзамсыз болсо, аларды бөгөттөөнү жана жок кылууну (иштетүүнү токтотууну) суранууга укугуңуз бар.

Эгерде сиз тапшырган документтердин негизинде уюмдагы/компаниядагы маалыматтарыңыз ишенимсиз экендиги далилденсе (мисалы, соттолуу, үй-бүлөлүк абалы, салык төлөөдөн качуу ж.б.), компания/уюм аларды оңдоп, бөгөттөөнү алып салууга тийиш.

Эгерде сиздин жеке маалыматтарыңыз компания тарабынан мыйзамсыз чогултулуп, иштелип чыккандыгы аныкталса (мисалы, сиздин жазуу түрүндөгү макулдугуңузсуз, же мындай маалыматтарды чогултуу бул мамлекеттик органдын же уюмдун милдеттүүлүгүнө кирбейт), компания / уюм аны тез арада жок кылууга жана бул жөнүндө сизге билдирүүгө милдеттүү.

Бирок, компания/уюм сиздин маалыматты чогултууга жана иштеп чыгууга жарактуу укуктук негиздерге ээ экендигин далилдей алышы  мүмкүн. Компания / уюм сиздин бөгөт коюу же жок кылуу жөнүндө арызыңыз менен макул болбогон учурда, конфликттик кырдаалды кароо административдик (б.а. жогорку уюмда) же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

Ооба, жумуш берүүчү сизден эмгек келишимин түзүү үчүн (аты-жөнүңүз, дипломуңуздун бардыгы), же эмгек акыңызды банк картаңызга (банк эсебиңиздин номери) өткөрүп берүүгө жана салык же социалдык жөлөкпулдар (жаш курагыңыз, балдарыңыздын бардыгы тууралуу ж.б.) керек болгон жеке маалыматтарды иштетүүгө макул болушуңузду талап кылышы мүмкүн.

Эгер компания же уюм маалыматтарды коргоо мыйзамын сактабаса жана сизге материалдык (мисалы, финансылык зыян) же материалдык эмес зыян (мисалы, стресс же аброюңузга зыян) келтирилген болсо, сиз аларды жабууга компенсацияы талап кыла аласыз. Сиз тийиштүү компанияга же уюмга доо коюу менен арыз бере аласыз.

Биздин мыйзамдарга ылайык, сиздин жеке маалыматтарыңызды чогултуу жана иштеп чыгуу  мыйзамдуу түрдө иштелип жаткандыгына көз салып туруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүгө милдеттүү. Ал жарандардын даттанууларын кароо менен компаниялардан жана уюмдардан мыйзам бузууларды четтетүүнү, сотко кайрылууну, мыйзам бузгандарды айыпка жыгып, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу болушу үчүн эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарды бере алат. Бул жеке маалыматтарды коргоо үчүн Акыйкатчы (Омбудсмен) бир түрү сыяктуу.

Азырынча мындай орган Кыргыз Республикасында түзүлгөн эмес жана аныктала элек.

Бирок мамлекет бул маселени чечип жатат, балким жакында ушундай атайын ыйгарым укуктуу орган пайда болот.