Жеке маалымат ээлери үчүн эрежелер

Жеке маалыматтар жана аларды иштетүү деген эмне? Жеке маалыматтарды башкаруу үчүн кандай укуктарга ээсинер? Жеке маалыматтарды кантип коргоого болот?

Жеке маалыматтар жана аларды иштетүүгө макулдук келишими деген эмне?

Жеке маалыматтардын кандай түрлөрү бар? Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу деген эмне? Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук деген эмне? Аларды ким иштетет?

Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алуу тартиби

Жеке маалыматтарымды чогултууга жана иштетүүгө макулдугумду алуунун тартиби кандай? Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук келишими кандай маалыматтарды камтыйт?

Жеке маалымат ээлеринин укуктары

Менин кандай укуктарым бар? Мекеме / уюмдарда иштетилип жаткан жеке маалыматтарым менен таанышууга укугум барбы?

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча кеңештер

Мамлекеттик кызматтар порталындагы жеке маалыматтарыңыз ишенимдүү корголууда: алар сиздин макулдугуңузсуз эч кимге берилбейт. Бирок айрым учурда, кээ бир кылмышкерлер сиздин электрондук почтаңызга мыйзамсыз кире алышат же ал тургай жеке каттоо эсебиңизге да кире алышат. Көбүнчө бул, коргоонун деңгээли төмөн болгондуктан жана эсеп ээсинин этиятсыз аракеттеринен улам келип чыгат.

Көп берилүүчү суроолор

Менин жеке маалыматтарым кандай корголгон?

faq

Жеке маалыматтарыңыз туура эмес, толук эмес же так эмес болушу мүмкүн деп баамдасаңыз, компаниядан же уюмдан сиздин жеке маалыматтарыңызды оңдоону өтүнө аласыз. Компания же уюм өзгөртүүлөр тийиштүү документтер менен тастыкталган болсо (мисалы, үй-бүлөлүк абалды өзгөртүү үчүн нике күбөлүгү, же фамилияңызды өзгөртүүгө жаңы паспорт, менчик укугу тууралуу документти – жашаган жеринин дарегин өзгөртүүгө жана каттоого же жаңы даректи киргизүүгө), кечиктирбестен бир жумадан көп  эмес мөөнөттүн  аралыгында жасоого милдеттүү.

Мисал. Насыя бюросу сиздин мурдагы ижара берүүчүңүзгө 3 айга ижара акысын карыз экендигиңиз тууралуу айтылган маалыматты билдирет. Сиз 3 айга ижарага берүү талабы негизсиз деп табылган сот ишин жаңы эле утуп алдыңыз. Келечекте насыя  берүүдө мындай суроо-талаптар кайталанбас үчүн, сиз насыялык бюродон сиз жөнүндөгү маалыматтарды оңдоону сурансаңыз болот.

Эгерде компания сиздин жеке маалыматтарыңызды сиздин макулдугуңуздун негизинде же башка мыйзамдуу негизде иштеп чыкса (мисалы, салыктарды төлөө же сизге пенсия, айлык акы, же медициналык кызмат көрсөтүү), анда сизден уюмга жеке маалыматыңызды өткөрүп берүүнү өтүнө аласыз. Ошондой эле, сиз техникалык жактан мүмкүн болсо, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды башка сиз кызматтарын пайдаланууну каалаган компанияга өткөрүп берүүнү талап кыла аласыз.

Мисал. Сиздин жеке маалыматтарыңыз жашаган жериңиздеги клиникада бар дейли. Сиз жашаган жериңизди башка аймакка которуп жатасыз. Сиз клиниканын администрациясынан сиздин бардык ден-соолугуңузга байланыштуу жеке маалыматтарыңызды, сүрөттөрүңүздү, ошондой эле рентген сүрөттөрүңүздү жаңы клиникага өткөрүп берүүнү өтүнө аласыз.

Ооба, мыйзамга ылайык, жеке маалыматтар аларды топтоо максатына жетүү үчүн талап кылынган мөөнөттөн  узакка сакталбашы керек. Мисалы, эгерде сиздин маалыматыңыз телекоммуникациялык кызматтарды, же банктык, же медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн чогултулган болсо, анда телекоммуникация оператору, банк же медициналык мекеме менен түзүлгөн келишим бузулганда, эгерде мыйзам боюнча башка узак мөөнөт каралбаса, анда сиздин маалыматтар жок кылынышы керек (мисалы, бухгалтердик эсеп үчүн, сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өтүшү ж.б.).

Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтүнүн улантылушу анын ээсинин кызыкчылыгы үчүн гана же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган болсо гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Сактоо мөөнөтүнүн бүтүшү менен жеке маалыматтарды топтоо максаты ишке ашырылса, аларды жок кылуу эки жуманын ичинде аткарылууга тийиш. Жок кылуу акт менен тастыкталат.

Аныкталган жеке маалыматтар (өздүк маалыматтар, метрика китепчелери ж.б.)  практикалык керектүүлүгү өткөн кезде дагы, архивдик документ статусун алуу менен, же башка Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык статус менен сакталышы мүмкүн.

Кээде, аныкталган жактардын жеке маалыматтарынын тарыхый, социологиялык, медициналык жана башка илимий максаттар менен маанилүүлүгүнөн көз каранды түрдө жок кылуунун ордуна кимге тиешелүү экендигин алып таштоо менен сакталышы мүмкүн.

Интернеттеги издөө натыйжаларынан сизге тиешелүү жеке маалыматтарды жок кылууну сурасаңыз болот. Бул укук “унутулуу укугу” / “унутуу укугу” деп да аталат.

Айрым учурларда, сиздин жеке маалыматтарыңызды Интернетке компаниядан аны жок кылууну сурана аласыз. Бул компаниялар жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу башка компанияларды кабардар кылуу үчүн акылга сыярлык чараларды көрүшү керек.

 

Бул укук абсолюттук эмес экендигин, демек сөз эркиндиги жана илимий изилдөө сыяктуу башка укуктар дагы корголорун эске алуу керек. Жеке маалыматтар ээлеринин укуктары “Жеке маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык чектелет (кылмыштарды иликтөө менен байланышкан учурда – ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында алынган маалыматтарга, кылмыш жасаган деп шектелип кармалган же сунушталган адамдардын маалыматтарына карата).

Мисалдар.

Маалымат жок кылыныш керек. Эгерде сиз социалдык тармакка кошулуп, бир нече убакыт өткөндөн кийин сиз тармактын сайтынан кетип өз аккантуңузду өчүрүүнү чечтиңиз дейли. Мындай учурда компаниядан жеке маалыматтарыңызды жок кылууну суроого укугуңуз бар.

Маалыматтарды дароо жок кылуу мүмкүн эмес. Жаңы банк ипотека боюнча мыкты келишимдерди сунуштайт. Сиз жаңы үй сатып алып, жаңы банкка өтүүнү чечесиз. Сиз “эски” банктан бардык эсептерди жабууну жана жеке маалыматтарыңызды жок кылууну суранасыз. Бирок, мыйзам эски банкка карата колдонулуп, банктардан кардарлардын бардык маалыматтарын 10 жыл бою сактоону талап кылат. Эски банк жеке маалыматтарыңызды жөн гана жок кыла албайт. Бул учурда, сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө тыюу салууну сурасаңыз болот. Андан кийин, банк мыйзамда талап кылынган убакыт аралыгында гана маалыматтарды сактоосу мумкүн жана сизге тиешелүү маалыматтар менен башка операцияларды жасоого укугу жок.

Маалымат жок кылыныш керек. Сиз өз атыңызды жана фамилияңызды колдонуп онлайн-издөө жүргүзсөңүз, издөөнүн натыйжалары гезит макаласына шилтеме берет. Гезиттеги маалыматтар мындан бир нече жыл мурун болгон кыймылсыз мүлк аукциондору же карыздарды чогултуу жол-жоболору менен байланыштуу, мурда чечилген, азыркы учурда эч кандай мааниге ээ эмес маселе. Эгерде сиз коомдук ишмер болбосоңуз жана макаланы жок кылууга болгон кызыгууңуз коомчулуктун маалымат алуу кызыгуусунан жогору болсо, анда система веб-баракчадан шилтемелерди, анын ичинде сиздин атыңызды жана фамилияңызды алып салышы керек.

Мындай маалыматтар өзгөчө сезимтал же атайын жеке маалыматтар деп аталат. Расалык же этникалык тегин, улутун, саясий көз карашын, диний же философиялык көз карашын, ошондой эле ден-соолугунун абалы жана жыныстык багытын аныктоочу жеке маалыматтарды ушул факторлорду аныктоо максатында гана топтоого, сактоого жана пайдаланууга жол берилбейт.

Мындай маалыматтарды алуу жана иштетүү төмөнкүдөй учурларда гана:

а) эгерде жеке маалыматтын ээси мындай маалыматтарды билдирүүгө жана иштеп чыгууга макулдугун берсе;

Мисалы, компания сиз кайсы партияны колдой тургандыгыңызды, кайдай саясий же диний көз карашты жактай тургандыгыңыз жөнүндө социологиялык сурамжылоо жүргүзүү менен сизден жеке маалыматтарыңызды билдирүүнү суранат – алар муну сиздин уруксатыңыз менен гана тиешелүү түрдө таризделген, бул маалыматтар кандай максатта жана кандай жактар үчүн колдонула тургандыгы жөңүндө сизге толук маалыматтарды берүү менен гана жасай алат.

б) эгерде маалыматтарды иштетүү маалымат субъектинин, же башка жактын жана тиешелүү адамдардын ден-соолугун коргоо жана коопсуздугун сактоо үчүн кайра иштетүүгө зарыл болсо, анда жеке маалымат ээсинен макулдук алуу мүмкүн эмес.

Мисалы, адам жол кырсыгынан же кандайдыр бир кырсыктын кесепетинен оор абалда болуп, ага зарыл медициналык жардам көрсөтүүгө, анын өмүрүн сактап калуу үчүн, анын канынын тобун, аллергия факторун же башка медициналык маалыматты билүүгө туура келет. Мындай учурда, керектүү маалыматтар дарыгерлер тарабынан бейтаптын – жеке маалыматтын ээсинин макулдугусуз, мындай макулдукту алуу (жана анын туура аткарылышы) мүмкүн эместигинен аткарылат.

Жеке маалыматтарды топтоочулар адамдардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу учурунда алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

Жеке маалыматтар массивдеринин топтоочулары (ээлери) тарабынан жеке маалыматтар мыйзамсыз кирүүдөн, толуктоолордон, өзгөртүүлөрдөн жана жок кылынуудан сакталууга жана корголууга тийиш.

Жеке маалыматтын топтоочу сизди чогултулган маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуу жана пайдалануу максаттары, жеке маалыматтарды үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырышы керек, ошондой эле сиздин жеке маалыматтарыңыздын дагы башка шарттарда колдонулушу жөнүндө маалымдашы керек.

Макулдук формасы “Жеке маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүсү зарыл.

Субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, эгерде буга укуктук негиздер болсо, жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

  • эгерде жеке маалыматтар субъектиси анын маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берсе (мисалы, ар кандай коммерциялык уюмдарга алардын кызматтарын алуу үчүн – банктарга, телекоммуникация операторлоруна);
  • эгерде жеке маалыматтар мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү бийлик органдарынын алардын укуктары жана милдеттери боюнча компетенциясын аткаруу үчүн керек болсо (б.а. мамлекеттик орган өз функцияларын аткарышы үчүн жарандын жеке маалыматтарына муктаж болгон учурда – мисалы, салык төлөөчү катары катталуу үчүн салык кызматынын каттоосу, же юридикалык жакты же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматы боюнча юридикалык министирлигине, же аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү болгон адамдарды каттоо үчүн аскер комиссариатына каттоо ж.б.у.с.);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жеке маалыматтар субъектисинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда (мисалы, адам кырсыкка учураганда жана медициналык жардамга муктаж болгондо, анын канынын тобун же аллергофакторун, же ага кайсы медициналык мекемеде дайындалгандыгын ж.б. билүү керек болсо);
  • эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу журналистиканын же көркөм же адабий чыгармачылыктын максаттары үчүн гана жүргүзүлсө, бирок жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу менен жана анын жеке турмушунун купуялуулугун жана сөз эркиндигинин милдеттүү түрдө сакталышына кепилдүүлүлүк берилсе (б.а., мисалы, адамдын макулдугусуз жеке жашоосун сүрөткө же видеого тартууга же аны менен макулдашпастан маектешүүнүн текстин жарыялоого – жарыялоодон мурун маектешүүнүн текстти макулдашылышы керек ж.б.).

Башка мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда, жеке маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу субъекттин макулдугу менен жүргүзүлүшү керек. Макулдук кагаз документ түрүндө жазылышы керек же электрондук түрдө таризделип, электрондук кол менен коюлат.

Жеке маалыматтар массивинин топтоочусу (ээси) сизге төмөнкү маалыматтарды билдирүүсү зарыл:

а) жеке маалымат массивинин топтоочусу (ээси) тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуу фактысын ырастоо;

б) жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери жана максаттары;

в) жеке маалымат массивинин топтоочусу (ээси) тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн пайдаланылуучу максаттар жана ыкмалар;

г) жеке маалыматтар массивинин топтоочусунун (ээсинин) аты жана жайгашкан жери, жеке маалыматтар массивин топтоочу менен (топтоочунун кызматкерлерин кошпогондо) жеке маалыматтарды топтоочу менен түзүлгөн келишимдин жен мыйзамдын негизинде жеке маалыматтарга жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, же аларга өткөрүлүп бериле турган жактар ​​жөнүндө;

д) жеке маалыматтардын ээсине тиешелүү маалыматтарды жана аларды алуу булактарын;

е) жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо мөөнөттөрү тууралуу;

ж) жеке адамга ушул Мыйзамда каралган өз укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби;

з) өткөрүлүп берилген же өткөрүп берүүгө болжолдонгон маалыматтар жөнүндө;

и) бул Мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар жөнүндө.

Башкача айтканда, жеке маалыматтардын ээси маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө макулдук берүүдө анын маалыматтары кандай максатта топтолоорун, кандай мөөнөттө сакталаарын, кандайча (автоматтык түрдө же оффлайнда) иштелип чыгаарын жана кандайча колдонулаарын, кимдерге бериле тургандыгын, кимдер анын  маалыматтарын колдоно алат (мисалы, жарнама максатында, же карызды кайтарып алуу ж.б.), жана ошондой эле жеке маалыматтарды топтоочунун жана иштетүүчүнүн так атын  билүүгө укуктуу. Жеке маалымат ээсинин макулдугу (мындан ары – субъекттин макулдугу), анын ичинде электрондук документ түрүндө, анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:

  • жеке маалыматтардын субъектинин аты-жөнү, дареги жана жашаган жери, аны тастыган документтин маалыматтары;
  • жеке маалыматтар субъектисинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (өкүлүнүн) фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жеринин (жашаган жеринин) дареги, анын инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын маалыматтары же ушул ыйгарым укуктуу адамдын (өкүлдүн) ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ (макулдугун алгандан кийин). жеке маалыматтар субъектисинин ыйгарым укуктуу өкүлү (өкүлү);
  • эгерде маалыматты иштетүүгө макулдукту субъекттин өкүлү берип жатса, анын аты-жөнү, дареги жана аны тастыктаган документтеги маалыматтар, нотариалдык ишеним каттын реквизиттери же анын ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
  • жеке маалыматтарды топтоочунун же маалыматтарды иштеп чыгуучунун аты-жөнү (же толук аты-жөнү) жана дареги, ошондой эле жеке маалыматтарды кармоочу маалыматтарды иштеп чыгууну тапшырган өкүлдүн аты-жөнү (эгерде маалыматтарды иштетүү үчүнчү жакка тапшырылса);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаты, колдонулушу, иштелип чыгылуучу маалыматтар;
  • субъект макулдук берген иштелип чыгууга тиешелүү жеке маалыматтардын тизмеси;
  • субъект макулдук берген жеке маалыматтар менен иштөөгө тиешелүү иш-аракеттердин тизмеси, маалыматтардын үчүнчү жакка берилиш мүмкүнчүлүгу менен бирге иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын көрсөтүлүшү жана иштеп чыгуу ыкмалары;
  • субъекттин макулдугу күчүндө болгон мезгил, ошондой эле аны жокко чыгаруу ыкмасы Кыргыз Республикасынын Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамында бекитилбесе.

Жаран жумушка орношууда ал жумуш берүүчүнүн өкүлүнө жеке документтерин: паспортун, эмгек китепчесин, билим жөнүндөгү күбөлүгүн, сүрөтүн, медициналык китепчесин, аскердик каттоодон өткөндүгү жөнүндө документин  ж.б. керектүү документтерин берет (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 64-беренесине ылайык эмгек келишимин түзүүдө талап кылынуучу документтер). Бул документтер купуя маалымат статусуна ээ жана алар “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамга ылайык сакталууга жана иштелип чыгууга тийиш. Эреже катары, сизге жумуш берүүчү эмгек келишимин түзүүгө жана аткарууга, эмгек акысын төлөп турууга, салыктарды төлөө үчүн ж.б. жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга жумушчунун жазуу жүзүндө макулдугун алууга тийиш.

Сиздин макулдугусуз жеке маалыматтарды өткөрүп берүүгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:

– жеке маалыматтар субъектисинин кызыкчылыктарын коргоонун зарылдыгы;

– эгерде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын суроо-талабы боюнча суралган жеке маалыматтардын тизмеси сурап жаткан органдын ыйгарым укуктарына ылайык келсе;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун, мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү бийлик органдарынын талаптары боюнча суралган жеке маалыматтардын тизмеси сурап жаткан органдардын ыйгарым укуктарына ылайык келсе, анда керектүү маалыматтар жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Же анын жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган – иш берүүчүлөргө, салык органдарынын мамлекеттик кызматкерлерине, аскер комиссариаттарына жана профсоюз органдарына өткөрүү аткарылат.