Жеке маалымат колдонуучуларынын укуктары жана милдеттери

Жеке маалымат кармоочуларынын милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинде каралган.

  1. Жеке маалыматтарды түздөн-түз чогултуу

    • Жеке маалыматтарды кармоочу жеке маалымат субъекттеринен же анын ишенимдүү адамдарынан түздөн-түз алууга милдеттүү (мисалы, эгерде жашы жете электердин – мектеп окуучуларынын жеке маалыматтарын ата-энелер / мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилет).
    • Жеке маалыматты топтоочу жеке маалыматтын субъектисинн чогултулуучу маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуунун жана пайдалануунун негиздери жана максаттары менен тааныштырып, жеке маалыматтарды башка үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жеке маалыматтарды башка колдонуу мүмкүнчүлүктөрү  жөнүндө маалымдашы керек.

  2. Жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу

    •  Жеке маалыматтардын купуялуулук режими – бул жеке маалыматтарды берүү, башка талап кылуучуларга өткөрүү, сактоо шарттарынын укук-ченемдик жактан белгиленген эрежелери (Кыргыз Республикасынын  “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин караңыз).
    • Жеке маалыматтардын купуялуулук (жашырындык) режими жеке маалыматтар ээсиз калганда же жеке маалымат субъектисинин талабы боюнча алынып салынат.
    • Жеке маалыматтарды глобалдык маалымат тармагы (Интернет ж.б.) аркылуу берүүдө жеке маалыматтардын кармоочулары маалыматтын купуялуулугун сактоо менен, зарыл болгон коргоо каражаттарын камсыз кылууга милдеттүү.

  3. Маалыматты иштеп чыгуучуну аныктоо

    • Жеке маалыматтарды топтоочу (кармоочу) өз функцияларын жана милдеттерин өз алдынча аткаруусун кошпогондо, техникалык коопсуздук чараларына жана жеке маалыматтарды иштеп чыгууну уюштуруучу чараларга кепилдик берүүчү – маалыматтарды иштеп чыгуучуну аныктоого милдеттүү.
    • Маалыматтарды иштеп чыгуучу – аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу, маалыматтар массивинин топтоочусу (ээси) тарабынан аныкталган жеке адам же юридикалык жак (Кыргыз Республикасынын  “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин караңыз).

  4. Жеке маалыматтардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларга жетүүнү жөнгө салуучу укуктук-ченемдердин режими

    • Жеке маалыматтар массивинин ээси (топтоочусу) жана иштеп чыгуучу жеке маалыматтарга ага мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн жана башка мыйзамсыз аракеттерден коргоого, өзгөртүүгө, бөгөттөөгө, көчүрүүгө, берүүгө, жайылтууга жана жеке маалыматтарды жайылтуу үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө жана (же) алардын кабыл алынышын камсыз кылууга милдеттүү.

    Мындай иш-чаралардын арасында:

    • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган жабдууга уруксатсыз кирүүгө жол бербөө (кирүүнү контролдоо);
    • маалыматты өз алдынча окууну, көчүрүүнү, өзгөртүүнү же алып салууну болтурбоо (маалымат алып жүрүүчүлөрдүн маалыматтарды колдонушун контролдоо);
    • жеке маалыматтардын уруксатсыз жазылышына жана жазылган жеке маалыматтардын өзгөрүлүшүнө же жок кылынышына жол бербөө (жазууну контролдоо) жана жеке маалыматтардын качан, ким тарабынан жана кандайча өзгөртүлгөндүгүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
    • маалыматтарды берүү каражаттарына карабастан, жеке маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн иштелип чыккан маалыматтарды иштеп чыгуу системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу (маалыматтарды берүү каражаттарын контролдоо);
    • маалыматтарды иштеп чыгуу системасынын ар бир колдонуучусунун жеке иштетилүүчү маалыматтарга гана жетүүсүн камсыз кылуу маалыматтарга кирүүсүн контролдоо);
    • маалыматтарды иштеп чыгуу системасына (киргизүүнү контролдоо) жеке маалыматтар качан, ким тарабынан жана кандайча киргизилгендигин өткөн мезгилде аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
    • жеке маалыматтарды өткөрүп берүү жана ташуу учурунда жеке маалыматтарды уруксатсыз окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө жана жок кылууга жол бербөө (транспорттук контроль);
    • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу учурунда маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
    • жеке маалыматтардын маалымат системаларында иштелип чыгуу учурунда жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коопсуздук деңгээлдердин сакталышын жана алардын аткарылышы камсыз кылуу;
    • жеке маалыматтар менен машиналарды эсепке алуу;
    • санкциясыз кирүүнүн натыйжасында өзгөртүлгөн же жок кылынган жеке маалыматтардын калыбына келтирилишин камсыз кылуу.

  5. Жеке маалымат ээлерине (субъектисине) маалымат берүү

    • Жеке маалымат ээлери өзү менен байланышкан жеке маалыматтын жеке маалыматтардын кармоочусунда бар экендиги жөнүндө маалымат билүүгө жана аларга жетүүгө укуктуу.
    • Субъектинин демилгеси боюнча ага тиешелүү жеке маалыматтарды берүү субъекттин жазуу жүзүндөгү талабы жана анын инсандыгын тастыктаган документин көрсөтүүсү менен акысыз жүргүзүлөт.
    • Жеке маалымат массивинин топтоочусу (ээси) тарабынан субъектке анын жеке маалыматтары так жана даана чагылдырылган, жеткиликтүү формада, башка адамдарга тиешелүү маалыматтарды камтыбаган түрдө    берилиши керек.
    • Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөр маалымат субъектинин талабы боюнча сураныч берилген күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен киргизилет.
    • Жеке маалыматтар, субъектинин суроо-талабы түшкөндөн, бир жумадан кийин бериле баштайт.

  6. Жазуу түрүндө жүйөөлүү жооптун берилиши

    • Субъектиге ал жөнүндөгү жеке маалыматтардын бар экендиги тууралуу маалыматты жана ошондой эле маалыматтардын өзүн берүүдөн баш тарткан учурда, ушул эле Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, бир жумадан ашпаган мөөнөттө     жүйөлүү жазуу жүзүндөгү жооп кайтарылуусу керек.
    • Жеке маалыматтардын субъектисине ага малыматтарды берүү жана анын алуу укугун чектөө төмөнкүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар; оперативдик-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында алынган атайын маалыматтар, эгерде мындай иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлсө; кылмыш жасаган деп шектелип кармалган же кылмыш иши козголгон же ушул иш-аракеттерди жасаган бийлик органдарына тапшырылганга чейин анын алдын алуу чарасы колдонулган учурда.

  7. Мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча маалымат берүү

    • Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) талабы боюнча бир жуманын ичинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнү ишке ашыруу.
    • Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде жеке маалыматтардын башка топтоочуларынын (ээлеринин) карамагында болгон жеке маалыматтарды, жеке маалыматтар менен иштөө үчүн укуктук негиздер болгон учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде, мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген жеке маалыматтык системаларды түзүүгө укуктуу болгон учурда гана пайдалана алышат.

  8. Жеке маалыматтарды башка мекемелерге өткөрүп берүү

    • Мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде жеке маалыматтардын башка топтоочуларынын (ээлеринин) карамагында болгон жеке маалыматтарды, жеке маалыматтар менен иштөөнүн тиешелүү укуктарына ээ болгон учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде гана пайдалануу менен бул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген жеке маалыматтык системаларды түзүүгө укуктуу.
    • Жеке маалыматтар субъектисине анын жеке маалыматтарын үчүнчү жакка өткөрүп берүү фактысы жөнүндө кабарлоонун тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.