Жеке маалымат массивдеринин ээлери маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдардын, анын ичинде жеке адамдарга маалымат берүүнүн негизги принциптерине ылайык келүүгө тийиш.
Жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамына ылайык алынышы жана иштелип чыгышы керек.
Жеке маалыматтарды топтоочу (ээси) жана аларды иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды санкцияланбаган кирүүдөн, бөгөттөөдөн, башка бирөөлөргө бербөөдөн, ошондой эле аларды кокусунан же уруксатсыз жок кылуудан, өзгөртүүдөн же жоготуудан сактоого милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесин караңыз).
Жеке маалыматтар менен иштөө жеке маалыматтар массивининкармоочусу (ээси) тарабынан төмөнкү учурларда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн (Жеке маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин караңыз):