Жеке маалымат ээлеринин укуктары

Менин укуктарым кандай? Компанияда / уюмда сакталган жеке маалыматтарым боюнча маалымат алууга болобу?

  1. Сиздин (жеке маалымат ээлеринин, субъектисинин) жеке маалыматтарыңызды берүүгө жана иштетүүгө макулдугуңуз

    • Сиз, жеке маалымат ээси катары, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды кимдир бирөөгө берүү жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алып, аларды иштетүүгө өз эркиңиз менен аң-сезимдүү жана маалыматтарды алуу фактысын тастыктоого мүмкүндүк берген формада макулдугуңузду бересиз. Жеке маалыматтар өзүңүз (субъект) тарабынан же болбосо сиздин ишенимдүү адамыңыз тарабынан берилет. Макулдашуу кагаз жүзүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө берилиши керек (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесин караңыз).
    • Сиз өз компетенцияңыздын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөгө укугу бар тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик органдарына маалыматтарды, ошондой эле алардын өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат берүүгө укугуңуз бар.
    • Сиз өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды берүүнүн алдында жеке маалымат массивин кармоочусунан (ээсинен) чогултула турган маалыматтардын тизмеги, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары менен тааныш болушуңуз   керек, жеке   маалыматтарды үчүнчү тарапка берүү мүмкүнчүлүгү жана жеке маалыматтарды башкача максатта колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышыңыз керек.
    • Сиз өзүңүздүн маалыматтарыңызды берүүдөн баш тарткан учурда өзүңүздүн баш тартуу себебиңизди көрсөтпөөгө укугуңуз бар.

  2. Өзүңүздүн жеке маалыматтарыңыздын жеткиликтүү болушу

    • Сиз, жеке маалыматтардын ээси (субъектиси) катары, өзүңүзгө тийиштүү жеке маалыматтарыңыздын топтоочуда (кармоочуда) бар экендиги жөнүндө маалымат алууга жана аларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин караңыз).
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо, оперативдик-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында алынган, кылмыш жасаган деген шек менен кармалган же кылмыш иши козголгон адамдардын жеке маалыматтары үчүн, бийлик органдарынын айыптоосуна чейин алдын-алуу чарасы колдонулган учурдагы жеке маалыматтарга, кирүү укугуна чектөө коюлушу мүмкүн.
    • Эгерде сиз өзүңүздүн жеке маалыматтарыңыз жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты толтуруу жана жеке инсандыгыңызды тастыктаган документти берүү аркылуу жеке маалыматыңыздын кармоочусуна кайрылыңыз. Мындай маалыматты алуу акысыз. Эгерде андай маалымат материалдык каражаттарда (кагаз, дискета ж.б.) берилсе, алардын наркынан ашпаган өлчөмдө акы алынат.
    • Жеке маалыматтардын жана жеке маалыматтардын бар экендиги жөнүндө маалыматтар өтүнмө берилген күндөн тартып 7 күндөн ашпаган мөөнөттө берилет.

  3. Субъект тарабынан жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши

    • Сиз (тиешелүү документтер менен тастыкталган негиздер болгон учурда) жеке маалыматтардын кармоочуларынан сиздин жеке маалыматтарыңызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укугуңуз бар (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесин караңыз).
    • Жеке маалыматтарыңызга өзгөртүүлөр сиздин өтүнүчүңүз менен арыз берген күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен киргизилет. Жеке маалыматтардын топтоочусунун (кармоочусунун) демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү ички эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

  4. Жеке маалыматтарды бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу

    • Эгерде сиз жеке маалыматтарыңыздын так эместигин сезсеңиз же жеке маалыматтарыңызга карата жасалган аракеттердин мыйзамдуулугуна шек келтирсеңиз, жеке маалыматтын топтоочусунан (ээсинен) бул маалыматты бөгөттөөнү талап кылууга укугуңуз бар (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесин караңыз).
    • Сиздин жеке маалыматтарыңыздын так эместиги же алар менен жеке маалыматтар массивинин ээсинин (кармоочусунун) укукка каршы аракеттери аныкталган учурда, сиз ушул маалыматтын ээсине (ыйгарым укуктуу органга) арыз бере аласыз. Кармоочу (ээси) арызыңызды кабыл алууга жана өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып арызды текшерүү мезгилинде жеке маалыматыңызды бөгөттөөгө милдеттүү.
    • Жеке маалыматтарыңыздын туура эместиги тастыкталган учурда, маалыматтарды кармоочу (ээси) сиз берген документтердин негизинде аларды оңдоп, бөгөттөөнү алып салууга милдеттүү.
    • Жеке маалыматтарды чогултуу мыйзамсыз болуп учурда, маалыматтарды топтоочу (ээси) тиешелүү маалыматтарды ошол мөөнөттөн тартып жок кылууга жана бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
    • Жеке маалыматтар менен иш-аракеттердин легитимдүүлүгү же алардын ишенимдүүлүгү өз ара таанылган учурда, жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) аларды бөгөттөөнү токтоосуз алып салууга милдеттүү.
    • Жеке маалыматтарды топтоочу (кармоочу) сиздин арызыңыз менен макул болбогон учурда, конфликттик кырдаалды кароо административдик (жогорку органга / уюмга) же сот тартибинде жүргүзүлөт.

  5. Жеке маалыматтарга карата мыйзамсыз аракеттерге каршы даттануу

    • Эгерде сиз өзүңүзгө байланыштуу жеке маалыматтарга укуксуз аракет жасалган деп эсептесеңиз, анда сиз ошол аракеттерге соттук тартипте даттанууга укугуңуз бар (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесин караңыз).

  6. Чыгашанын ордун толтуруу жана (же) моралдык зыян тартышын компенсациялоо

    • Сиз, соттук тартипте чыгашанын ордун толтурууга жана моралдык зыян тартышын компенсациялоого укугуңуз бар (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесин караңыз).