Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүү тартиби

Жеке маалыматтарымды чогултууга жана иштетүүгө макулдугумду берүүнүн тартиби кандай? Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүдөн мурун кандай маалымат алсам болот?

  1. Субъектинин жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү формасы менен таанышуусу

    • Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн расмий веб-сайттарында субъектинин жеке маалыматтарын иштеп чыгууга берүүчү макулдугунун формалары жайгаштырылат (форма кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө). (Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө тийиш болгон жеке маалыматтардын макулдугун алуу тартиби, жеке маалымат субъекттерине алардын жеке маалыматтарын үчүнчү жакка өткөрүп берүү жөнүндө кабарлоо тартиби жана формасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген).
    • Сиздин жеке маалыматтарыңыздын ээси боло турган мамлекеттик орган же уюм сизди чогултулган маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуу жана пайдалануу максаттары, жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырышы керек, ошондой эле сиздин жеке маалыматтарыңыздын дагы башка кандай шарттарда колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө ачык кабар  бериши керек.Жеке маалыматтар массивинин ээси жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун жана сактоонун бүткүл мөөнөтү ичинде жеке маалыматтарды берүүгө жана аларды иштетүүгө, жол-жоболорду жүзөгө ашырууга шартталган жана жеке маалыматтарды тастыктоого берилген макулдукка тиешелүү маалыматты сактоого милдеттүү.

  2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү

    • Сиз, жеке маалыматтардын ээси (субъектиси) катары, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды бирөөгө берүү жөнүндө өз алдынча эркин, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу менен, мындай чечимди тастыктоого мүмкүндүк берген формада маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдугуңузду берүүңүз зарыл (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин караңыз).
    • Типтүү макулдук формасы Өкмөт тарабынан бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтомун караңыз).

  3. Жеке маалыматтар менен бардык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу

    •  Жеке маалыматтардын топтоочулары (ээлери) сиздин жеке маалыматтарыңыз менен бардык иштерди  жүргүзүүгө сиздин макулдугуңузду алышы керек. Эгерде сиз жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук формасын толтурбаган болсоңуз, эч бир уюм сиздин жеке маалыматтарыңызды тескөөгө укугу жок (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесин караңыз).
    • Жеке маалыматтар массивинин ээси (топтоочусу) жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун (сактоонун) бардык мөөнөтүндө жеке маалыматтарды сактоого жана жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу жол-жоболорду аткарууга берген макулдугуңузду тастыктаган маалыматты сактоого милдеттүү – субъекттин электрондук колу коюлган электрондук документ; же ушул логинди жана паролду колдонуп маалымат системасына кирүү фактысы жөнүндө маалымат, ушул логинди жана паролду колдонуп маалымат системасындагы жеке маалымат субъектисинин аракеттеринин протоколу (жөнөкөй электрондук кол тамга колдонулганда – логин менен парольдун айкалышы); жеке маалыматтарын берген адамдын макулдук берүү фактысын тастыктаган, кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн документ.

  4. Жеке маалыматтардын өз ээлерине жеткиликтүү болушу

    • Сиз, жеке маалыматтардын ээси (субъектиси) катары, өзүңүзгө тийиштүү жеке маалыматтарыңыздын топтоочуда (кармоочуда) бар экендиги жөнүндө маалыматты билүүгө жана аларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин караңыз).
    • Эгерде сиз өзүңүздүн жеке маалыматтарыңыз жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты толтуруп жана жеке инсандыгыңызды тастыктаган документти көрсөтүү менен жеке маалыматтарыңыздын кармоочуларына кайрылыңыз. Мындай маалыматты алуу акысыз.
    •  Эгерде сиз жеке маалыматтарыңызга өзгөртүүлөрдү киргизгиңиз келсе, анда сиз тийиштүү өтүнмө арызы менен кайрылууңуз зарыл. Маалыматтарга өзгөртүүлөр өтүнмө берилген күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен киргизилет.

  5. Жеке маалыматтарды коргоо

    • Жеке маалыматтар массивинин ээси (топтоочусу) жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу маалыматтарга мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, башка бирөөлөргө берүүдөн, жайылтуудан коргоого жана тиешелүү  зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө жана ошондой эле жеке маалыматтарга карата жүргүзүлүүчү башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо менен бирге укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө милдеттүү.
    • Жеке маалыматтардын коопсуздугунун белгиленген деңгээлин камсыз кылуучу, жеке маалыматтарды маалымат системаларында иштеп чыгууда жеке маалыматтардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча талаптары өкмөт тарабынан бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтомун караңыз).Талаптардын жоболору жеке маалыматтарды топтоочулар, жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу маалымат системаларынын операторлору, ошондой эле жеке маалыматтар массивдеринин бардык топтоочулары (ээлери) (мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар) үчүн милдеттүү.

      Талаптарга ылайык, жеке маалыматтарды иштеп чыгууда системаларында коопсуздуктун төмөнкү деңгээли белгиленет:

      1) көк;

      2) жашыл;

      3) сары;

      4) кызыл.

      Жеке маалыматтар массивинин топтоочусу (ээси) жеке маалыматтар менен иштөөнүн конкреттүү шарттарына, корголуучу маалыматтын наркына жана аны коргоо боюнча иш-чаралардын баасына, техникалык өнүгүү деңгээлине, жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтардын тизмесин бекитет. Талаптарда көрсөтүлгөн критерийлердин негизинде коопсуздук коркунучтарынын рейтинги алынып, анын негизинде тиешелүү коркунуч деңгээли аныкталат, мисалы, “көк” деңгээл – минималдуу талапка жооп берет.

      Коопсуздук деңгээли маалымат системасына коюлган айрым талаптардын аткарылышы менен камсыздалат – мисалы, маалыматты коргоонун шифрлөө (криптографиялык) каражаттарын колдонуу; маалымат системасы орнотулган бөлмөлөрдү башкаруу системасын түзүү; күнүнө кеминде бир жолу маалымат системасында иштелип чыккан жеке маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн түзүү; же системага жеке маалыматтарды киргизген сайын мындай маалыматты өзгөртүү же жок кылуу учурунда, ошол маалыматты киргизген (өзгөрткөн, жок кылган) адамды, иштөө датасын жана убактысын белгилеген маалыматтарды ж.б. камтуу.