Жеке маалыматтар жана аларды иштетүүгө макулдук берүү деген эмне?

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу деген эмне? Аларды ким иштетет?

Жеке маалыматтар

Жеке маалыматтар – бул белгилүү бир адамга (субъект) тиешелүү ар кандай маалыматтар. Мындай маалыматтар адамды (мисалы, көпчүлүктүн ичинен) таанып-билүүгө, белгилүү адам катары идентификациялоого жана аныктоого мүмкүндүк берет (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесин караңыз).

Ушул сыяктуу аныктоочу маалыматтар көп, аларды шарттуу түрдө үч негизги категорияга бөлүүгө болот:

  • жалпыга жеткиликтүү;
  • атайын;
  • биометрикалык .

Жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтар

Жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтарга ачык маалымат булактарынан алууга мүмкүн болгон маалыматтарды камтыйт, мисалы, телефон каталогунан же дарек китебинен же, мисалы, социалдык тармактарда ачык профилден же компаниянын/уюмдун веб-сайтынан. Мындай жалпыга жеткиликтүү маалымат базаларына субъекттин маалыматтары анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен киргизилет. Жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтар ачык маалымат булактарында жайгаштырылышы мүмкүн.

Мисалы, эгерде уюмдун байланыштар каталогунда кызматчылардын, мисалы, кадрларды окутуу жана жалдоо менен алектенген адамдардын байланышуу маалыматтары көрсөтүлсө, мындай маалыматтар жалпыга жеткиликтүү деп эсептелет. Редактордук коллегиянын аталышы жана фамилиясы басма сөз каражаттарында көрсөтүлгөндө дагы, бул маалымат жалпыга жеткиликтүү болот.

Атайын категориясындагы жеке маалыматтар

Жеке маалыматтардын мыйзамсыз чогултуудан жана жайылтуудан биздин өлкөнүн мыйзамдары менен корголгон атайын категориялары бар. Буларга: улуту, диний ишенимдери, саясий көз-караштары, ден-соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар, б.а. медициналык маалыматтар, биометрикалык жеке маалыматтар (манжа изи, торчо, ДНК ж.б.) ж.б. Жеке маалыматтардын ушундай атайын категорияларын аларды аныктоо максатында гана чогултууга, сактоого жана колдонууга (жөн гана саясий көз карашыңызды, улутуңузду же кан түрүңүздү билүү үчүн) мыйзам тарабынан жол берилбейт.

Биометрикалык жеке маалыматтар

Биометрикалык жеке маалыматтар – бул белгилүү бир адамга гана тиешелүү болгон биологиялык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтар. Мындай маалыматтар бир гана адамга таандык болуу менен жана эч качан кайталанбагандыктан уникалдуу болушат. Алар төмөнкү маалыматтарды камтыйт: манжа изи, көз карегинин сүрөтү, ДНК коду, үн тембри ж.б.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу – жеке маалыматтардын топтоочулар тарабынан автоматтык түрдө (мисалы, онлайн режиминде же маалымат системасында иштетүү) же (б.а. офлайнда, кагазда) жеке маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу, сактоо, жаңыртуу, топтоо, бөгөттөө, жок кылуу сыяктуу аткарылуучу иш-аракеттер (Кыргыз Республикасынын Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”  Мыйзамынын 3-беренесин караңыз).

Субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, эреже катары, анын макулдугу менен жүргүзүлүшү керек (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин караңыз).

Жеке маалыматтар менен иштөө төмөнкү учурларда мүмкүн:

  • эгерде жеке маалыматтар субъектиси ага тиешелүү маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга (мисалы, ар кандай коммерциялык уюмдарга алардын кызматтарын алуу үчүн – банктарга, телекоммуникация операторлоруна) макулдугун берсе;
  • эгерде жеке маалыматтар мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз компетенциясын укуктуу жана милдеттүү түрдө аткаруу үчүн керек болсо – (б.а. мамлекеттик орган өз функцияларын аткаруу үчүн жарандын жеке маалыматтарына муктаж болгон учурда – мисалы, салык кызматында салык төлөөчүну каттоода же юридикалык министрлигинде юридикалык жакты каттоодо, же кыймылсыз мүлккө тиешелүү жактын укуктарын каттоодо, же аскер комиссариатында аскердик кызматты өтөөгө милдеттүү болгон адамдарды каттоо боюнча ж.б.);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жеке маалыматтар субъектисинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда (мисалы, адам кырсыкка учураганда жана медициналык жардамга муктаж болгондо анын канынын тобун же аллергофакторун, же ага кайсы медициналык мекемеде катталгандыгын билүү сыяктуу ж.б.);
  • эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу журналистиканын же көркөм же адабий чыгармачылыктын максаттары үчүн гана жүргүзүлсө, бирок жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу менен жана анын жеке турмушунун купуялуулугун жана сөз эркиндигинин милдеттүү түрдө сакталышына кепилдүүлүлүк берилсе (б.а., мисалы, адамдын макулдугусуз жеке жашоосун сүрөткө же видеого тартууга же аны менен макулдашпастан маектешүүнүн текстин жарыялоого – жарыялоодон мурун маектешүүнүн текстти макулдашылышы керек ж.б.).

Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүү

Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук – бул кол менен жазылган кагаздагы документ (офлайн) же электрондук кол коюлган электрондук (онлайн) – жөнөкөй (мисалы, веб-сайтта логин менен парольдун айкалышы) же өркүндөтүлгөн документ (мисалы, токен, же биометрикалык) паспорт). Бул – жеке маалыматтар субъектисинин ал жөнүндө жеке маалыматтарды топтоочуларга жана иштеп чыгуучуларга өзү жөнүндө жеке маалыматтарды алууга, топтоого, сактоого жана пайдаланууга берген жазуу жүзүндөгү макулдугу болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”  Мыйзамынын 3-беренесин караңыз).

Макулдук жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун негиздеринин бири болуп саналат жана башка укуктук негиздер (мисалы, мамлекеттик органдардын компетенциясы) жок болгон учурда колдонулат. Жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун бергенде, субъект анын маалыматтары кандай максатта топтолоорун, кандай мөөнөттө сакталаарын, кандайча (автоматтык түрдө же оффлайнда) иштелишин, кандайча пайдаланылаарын, кимдер  анын маалыматтарын көрө аларын,  анын маалыматтарынын кимдирге өткөрүлүп бериле тургандыгын (мисалы, жарнамалык максаттар үчүн, же карыздарды чогултуу ж.б.), жеке маалыматтарды топтоочунун аты-жөнү тууралуу билүүгө акылуу.

Жеке маалыматтар субъектиси өзүнүн маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин жана эгерде ал маалымат берүүдөн баш тартса, анын баш тартуунун себептерин көрсөтпөөгө укугу бар экендигин билүүсү маанилүү. Бирок жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун бербөөсү анын кандайдыр бир кызматтардан пайдалана албай тургандыгына алып келээрин түшүнүшү керек (мисалы, эсеп ачуу же насыя алуу боюнча банк менен келишим түзүү, же мобилдик уюлдук оператор же Интернет-провайдер менен келишим түзүү).

Жеке маалыматтардын кармоочулары (топтооочулары же жеке маалымат массивдеринин ээлери).

Жеке маалыматтардын ээлери болуп мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ​​жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жарандардын жеке маалыматтарын чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана пайдаланууну көзөмөлдөө ыйгарым укуктары берилген юридикалык жактар эсептелинет (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин караңыз).

Сиз кызмат алуу үчүн кайрылган мамлекеттик жана муниципалдык органдар же коммерциялык компаниялар, банктар, сиз иштеген же окуган ж.б. уюмдар болушу мүмкүн.

Жеке маалыматтарды топтоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • жеке маалыматтарды алуу жеке маалыматтардын түздөн-түз ээсинен, же анын ишенимдүү адамдарынан гана;
  • жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуучуну аныктоо;
  • жеке маалыматтарга мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтар боюнча башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо үчүн зарыл укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө;
  • жеке маалыматтардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле аларга жетүүнүн белгиленген режимин камсыз кылууга;
  • жеке маалыматтын ээсинин анын талабы боюнча керектүү маалымат же жүйөлүү жооп менен бир жуманын ичинде камсыз кылууга;
  • субъекттин жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп берген учурда – өткөрүп берүү жөнүндө жеке маалымат субъектисине бир жуманын ичинде каалагандай формада (кат, SMS, электрондук) билдирүүгө. Жеке маалыматтарды топтоочулар “Жеке маалыматтар жөнүндө” Мыйзамында каралган башка милдеттенмелерди да аткарышат.

Жеке маалыматты топтоочулар  жеке маалыматтарды иштеп чыгуучуну – жеке же юридикалык жакты алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде дайындайт.

Жеке маалыматтарды топтоочунун (кармоочунун) карамагындагы маалыматтар купуя маалыматка таандык. Жеке маалыматтардын купуялуулугу жеке маалыматтар ээсиздендирилгенде же жеке маалымат субъектисинин талабы боюнча алынып салынат.

Жеке маалымат субъектиси каза болгон учурдан тартып жеке маалыматтардын укуктук режими архивдик сактоо режимине же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка укуктук режимге алмаштырылат.